Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 14.11.2019 10:12

Аксыда жөө күлүктөрдүн жарышы өттү (сүрөт)

Turmush -  Ушул жылдын 12-ноябрында Аксы РИИБ жана Кербен шаардык мэриясы жеңил атлетика боюнча жаштар биринчилигин өткөрүштү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чара бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата уюштурулду. Мелдешке Кербен шаарындагы 10 орто мектептин 16 жаштагы улан-кыздары катышып, аларды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери коштоп жүрүштү. Чуркоонун аралыгы 2 чакырымды түзүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, медалдар жана кубок ыйгарылды.

Мелдештин соңунда РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жаштарды дени сак жашоого, спортту жана Ата Мекенди сүйүүгө чакырышып, ар кандай кылмыштуулук, кырсыктардан алыс болууга үндөштү. Ал эми катышуучулар бул спорттук иш-чараны демилгелеген уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×