Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 15.11.2019 15:27

Мекендештер: Кытайда акысыз окуп жаткан Кубаныч тажрыйбасы менен бөлүштү

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 21 жаштагы Кубаныч Алимов. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. Учурда Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Синьцзян педагогикалык университетинде билим алууда. Turmush басылмасынын кабарчысы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Ош мамлекеттик университетинин кытай таануу факультетинде билим алып жатып, акыркы бир жылдан бери окуусун Кытайдан улантып жатат.

«Аксы районунун Кызыл-Жар айылында туулгам. 2016-жылы мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин кытай таануу факультетине тапшырып, кытай тилин үйрөнүп баштадым. Башында кытай тилин өздөштүрүүдө кыйынчылыктар көп болду. Түнү менен уктабай, сөз жаттап жүрүп, досторумдун арасында «Кытай» деген каймана атка кондум. Ошентип 2-курсту аяктагандан кийин окуу жай менен Кытай мамлекетинин ортосундагы мобилдүүлүк программасы боюнча тест тапшырып, тилди билүү деңгээли боюнча 4-даражага ээ болдум. Анын жыйынтыгында Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарындагы окуу жайга 1 жыл кытай тилин акысыз окуп, үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Башында кетип жатканда 3 айга гана виза ачтыргам, кийин Кытайга баргандан кийин визаны 1 жылга узарттым», - деди Кубаныч.

Анын айтымында, ал быйыл окуусун аяктагандан кийин кайра магистратурага тапшырууну пландап жатат.

«Үрүмчү шаарына барганда алгач тамак-аштан абдан кыйналдым. Жашылча жана күрүчкө кардым тойбой, кээ бир күндөрү жей албай жүрдүм. Ошондо апамдын казанга демделип бышырылган палоону элестетип жүрдүм.

Мени айдоочулардын маданияты дагы таң калтырды. Бизде унаа тыгындарда айдоочулардын чыдамы кетип, сигнал берип, кыйкырып кеткени адаттагыдай эле көрүнүш го. Кытайда канчалык тыгын болсо да айдоочулардын урушканын көргөн жокмун. Алар чыдамдуу жана сыпайы.

Өздөрүндө чыгарылган жаңы унааны мамлекеттин ичинде 12 жыл гана айдап жүрүүгө уруксат берилет экен. Эгер бул убакыттан өтүп кетсе, мамлекет милдеттүү түрдө унааны алып коёт экен. Кытайда окуп жүрүп, мекендештерим менен жолуктум. Алар менен тарыхый жайларга бардым. Бул жактагы журтташтар абдан ынтымактуу, эгер кокус биринин башына жаман иш түшсө, чогулуп жардам беришет экен.

Учурда мен бүтүрүү курста окуп жатам. Оштогу окуу жай сунуштаган программа боюнча тест тапшырып, акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк берилгенине абдан ыраазымын. Чет жерден билим алам деген студенттер изденип, окуу жай сунуштаган программалар боюнча тест тапшырышса болот. Максатка жетүү үчүн аракет кылуудан тажабаш керек деп эсептейм. Азыр мен кытай тилин жакшы өздөштүрүп калдым. Эми билимимди жогорулатып, эмдиги жылы Кытайдагы окуу жайлардын бирине магистратурага тапшырууну пландап жатам. Андан кийин бул жакта калып, иштесем деген максаттарып бар», - деди Кубаныч Алимов.

Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×