Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.11.2019 12:10

Аксыдагы окуучу кыздардын массалык мушташы боюнча милициянын билдирүүсү

Turmush -  Аксы районундагы окуучу кыздардын массалык мушташуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 18-ноябрь күнү саат 17:30 чамасында болгон. Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы №10 Жоробек Мамытбеков атындагы мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын арасында пикир келишпестик болуп, андан улам мушташып кетишкен.

«Аталган факт боюнча топтолгон материал Аксы РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда пикир келишпестиктердин себеби жана окуянын жагдайлары такталууда», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Аксыдагы окуучу кыздардын арасында массалык мушташ болгонун жергиликтүү тургун «Репортерго» билдирип, видео жөнөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×