Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 21.11.2019 17:45

«Өлкөгө уят болдук»: Өкмөттүн өкүлү окуучу кыздар мушташкан айылга барды

Turmush -  Бүгүн, 21-ноябрда Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин катышуусунда жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйынга райондогу мектептердин директорлору, айыл өкмөт башчылары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, аксакалдар кеңешинин төрагасы жана жаштар катышууда. Анда №10 Жоробек Мамытбеков атындагы мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын мушташы талкууланып жатат.

«Алгач видеону көргөндө окуя биздин облуста болгон эмес деп ойлодум. Бирок Аксы жергесинде болгону ачыкка чыкты. Ошол кыздардын мушташын балдар видеого тартып, каткырып күлүп турушат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Мен буга чыдай албай келдим. Кыздардын мушташканы адепсиздик. Биз бүт өлкөгө уят болдук. Окуяга түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги да себеп болду. Мындай окуяларга жол бербөө үчүн окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө ата-энелерди дагы тартуу шарт, алар жоопкерчиликти сезиши зарыл», - деди ал.

Жыйында №10 мектеп Аксы району боюнча билим берүү жаатында көптөгөн ийгиликтерди жаратып, райондун намысын коргоп келгени айтылды.

Ошондой эле окуучулар түнкүсүн бейбаштык кылышса дагы директор жана мугалим милицияга чакыртылары айтылып, ата-энелердин жоопкерчилигин дагы жогорулатуу керектиги белгиленди.

Буга чейин Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы №10 Жоробек Мамытбеков атындагы мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын мушташынан кийин чогулуш өткөрүлгөнү маалымдалган. Анда мектептин директору, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, класстан жана мектептен тышкаркы иштердин уюштуруучусу, социалдык педагог кетирген кемчиликтеринин негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Андан кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова да ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×