Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.12.2019 17:24

Аксыда элдин нааразычылыгынан кийин мал уурдаган адам кармалды

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында элдин нааразычылыгынан кийин мал уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Буга чейин 2-декабрда Итагар айылынын тургундары нааразычылык билдирип чыгышкан. Алар 3 тургундун сарайынан 3 кой дайынсыз жоголгонун айтып, милициядан күнөөлүү адамдарды табууну талап кылышкан.

Бүгүн тургундардын койлорун уурдоого шектүү делип Кербен шаарынын 30 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалды. Ал 2 койду уурдаганын мойнуна алган. Учурда милиция кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×