Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 09.12.2019 16:15

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жамаатка тааныштырылды

Turmush -  Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Аны жамаатка Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев тааныштырып, Жаңы-Жол айылындагы мектеп окуучуларынын массалык мушташы боюнча окуяны териштирүү тапшырмасын берди.

Буга чейин Талант Эмилбек уулу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганы маалымдалган. Мурдагы башчы У.Зыябекова Жаңы-Жол айылындагы Ж.Мамытбеков атындагы орто мектептин окуучуларынын мушташынан кийин кызматынан четтетилген.

Т.Эмилбек уулу буга чейин акимдин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×