Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 10.12.2019 12:49

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн биринчи башчысы А.Курбанбаевдин ысымы көчөгө коюлду

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн биринчи башчысы Асилбек Курбанбаевдин ысымы көчөгө ыйгарылды. Бул тууралуу Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Шекербек Камчыбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Асилбек Курбанбаев 1996-жылдын май айынан 1997-жылдын март айына чейин Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

«Ал 1997-1998-жылдары Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенген. 1998-2005-жылдары элдик шайлоо жолу менен эки ирет Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Анын ысымын көчөгө ыйгарууну айылдык кеңештин депутаттары сунушташкан», - деди ал.

Асилбек Курбанбаев 1954-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Падыша-Ата айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Ал эмгек жолун колхоздо жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. Анын 7 уулу жана 1 кызы бар. Ал 2013-жылдын 14-февралында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×