Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 11.12.2019 13:51 На русском

Россияда каза болгон дагы бир кыргыз мигранттын сөөгү мекенине келди. Сүрөт

Turmush -  Россиянын Москва шаарында каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү мекенине алынып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, маркум Каныбек Султанов Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын Кызыл-Жар айылында туулган. Акыркы 10 жылдан бери Москва шаарында иштеп жүргөн.

Айыл башчы Эрмек Медетовдун айтымында, маркумдун үй-бүлөсү айылда ижарада батирде турчу.

«Каныбек Султанов 41 жашта эле болчу. Ал үй алуу максатында каражат топтоп, Москвада иштеп жүргөн экен. Ушул жылдын 8-декабрында түштөн кийин каза болуп калыптыр. Сылык мүнөз, жакшы адам эле. Анын сөөгүн тосуп алып, кечээ акыркы сапарга узаттык», - деди ал.

Ал эми Каныбектин бир тууганы иниси Касым Султанов чет жакта жүргөн мигранттар кырсыкка кабылганда же каза болуп калса өкмөт тараптан колдоо болсо деген пикирин билдирди.

«Агам 5 жыл мурун айылга келип, бир айдай жүргөндөн кийин кайра иштегени кеткен болчу. Үй-бүлөсү ижарага алган батирде тургандыктан, турак үй сатып алууну пландап жаткан. Жакында эле ата-энем менен сүйлөшүп, «жаңы жылга чейин айылга барам, майрамды чогуу белгилейбиз» деген эле. Дарыгерлер агамдын кан басымы көтөрүлүп кеткенин айтышты, башка кабарыбыз жок. Агам үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу эле, артында жеңем жана 3 кызы калды. Агамдын максатын орундатуу үчүн үй-бүлөсүнө турак жай куруп берүүнү пландап жатабыз. Айыл өкмөт жер тилке бөлүп берсе жакшы болмок», - деди ал.

Маалым болгондой, маркумду алып келүү үчүн Москвада иштеп жүргөн аксылык мекендештер 129 миң рубль колдоо көрсөтүшкөн. Бул каражат сөөктү «Жүк 200» аркылуу Кыргызстанга жөнөтүүгө жумшалган.

Буга чейин Россиядагы жол кырсыктын кесепетинен кыргызстандык жаран каза болгону маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×