Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.12.2019 12:28

Аксыда окуучу кыздардын мушташынан кийин мектепке жаңы директор дайындалды

Ашым Кубатбеков
Ашым Кубатбеков

Turmush -  Ашым Кубатбеков Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы Жоробек Мамытбеков атындагы мектептин директору болуп дайындалды, деди Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу.

Анын айтымында, жаңы директор 3 ай сыноо мөөнөтү менен дайындалды.

«Ашым Кубатбековду директорлук кызматка ошол эле мектептин мугалимдери көрсөтүп, жыйынтыгында 42 мугалим макул болду. Ал 3 ай сыноо мөөнөтү менен дайындалды», - деди Т.Эмилбек уулу.

Ашым Кубатбеков Жаңы-Жол айыл өкмөтүн 2013-2017-жылдары башкарган. Ал эми иштен четтетилген мектептин мурунку жетекчилери мугалим болуп иштөөдө.

Буга чейин маалымдалгандай, Ж.Мамытбеков атындагы мектептин окуучу кыздарынын мушташынан кийин директор Болдукыз Мураталиева, директордун тарбия иштери боюнча орун басары Урмат Абдыкеримов, уюштуруучу Динайым Надырбекова, соцпедагог Жумаян Дөөлөтова кызматынан четтетилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×