Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 22.12.2019 12:02 На русском

Үйүндө 3 жаштагы иниси менен калган 5 жаштагы кыз зордукталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аксы районунда 5 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, 20-декабрда милиция кызматкерлерине Аксы районунун Кум айылындагы жубайлар кайрылып, алар базарга кеткен маалда үйүнө белгисиз адам кирип, 5 жаштагы кызын зордуктап кеткенин билдиришкен. Бул окуя боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп, ошол эле күнү Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 1980-жылы туулган тургуну шектүү катары кармалган.

Зордукталды деген кыз 2014-жылы төрөлгөн. Ал кыз 3 жаштагы иниси менен үйдө жалгыз калган.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы 5 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелген 39 жаштагы адам эки айга камакка алынганын маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×