Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.01.2020 15:52

Талант Эркинов Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болду (өмүр баяны)

Turmush -  Талант Эркинов Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Ырысбек Турдиев билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчысын шайлоо экинчи ирет 31-декабрда өттү.

«Айыл өкмөт башчысын шайлоо 17-декабрда болгон. Анда эки адам өз талапкерлигин коюп, бирок экөөнө тең депутаттар ишенбөөчүлүк билдиришкен. Ал эми 31-декабрда белгиленген шайлоого жергиликтүү кеңештеги 30 депутаттын ичинен 28 депутат катышып, эки талапкерге добуш бердик. Биринчи талапкер Талант Эркинов 23, экинчи талапкер Уларбек Орозкулов 5 добушка ээ болуп, көпчүлүктүн колдоосу менен Талант Эркинов Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды», - деди Ы.Турдиев.

Үч-Коргон айыл өкмөтүндө 23 миңден ашуун жашоочу бар.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Эркинов Талантбек Эркинович

Туулган жылы: 1966-жыл

Билими:

- 1992-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине кабыл алынып, зооинженер адистигине ээ болгон;

- 2002-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде финансист адистигине ээ болгон;

Эмгек жолу:

- 1992-жылы Аксы районуна караштуу «Кызыл-Жар» совхозунун мал чарбасында зоотехник;

- 1994-жылы «Үч-Коргон» айыл чарба кооперативинде башкы зоотехник;

- 2005-2007-жылдары БУУнун өнүктүрүү программасында медиатор;

- 2010-2013-жылдары Шамалдуу-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 2013-жылдан 2019-жылга чейин Таш-Көмүр шаардык мэриясынын курулуш жана коммуналдык чарба боюнча башкы адиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×