Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.01.2020 12:55 На русском

Аксыда мал уурдаганын мойнуна алган адамды сот актап жиберди, - тургундар

Аксыйский район
Аксыйский район

Turmush -  Аксы райондук соту мал уурулукка шектелген адамды актады.

Итагар айылынын тургундарынын айтымында, алар райондук соттун мындай чечимине нааразы болуп, Жалал-Абад облустук сотуна арызданууга камданып жатышат.

«Райондук соттун чечимине нааразыбыз. Себеби, 2 бээ жана 2 кой уурдаганын мойнуна алган адамды актап жиберди. Итагар айылынан жалпы 60тан ашык мал жоголгон. Мал уурдаган адамдын камалышын талап кылабыз», - дешти жашоочулар.

Айыл тургундары мал уурдаган жарандын камалышын талап кылып, бир нече жолу нааразычылык акциясына чогулушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×