Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.01.2020 15:12

Аксыдагы балалуу энелер коридордо дарыланып жатабы? Оорукананын жообу

Turmush -  Аксы райондук ооруканасындагы бейтаптар коридордо жатканы тартылган сүрөт социалдык тармактарда талкууга алынууда. Сүрөттөн балалуу энелер коридордогу керебетте жатканын көрүүгө болот.

Бул боюнча райондук оорукананын башчысынын орун басары Кылыч Буланбеков комментарий берип жатып, бейтаптар убактылуу гана коридордо кармалып, кайра башка бөлмөлөргө жайгаштырылганын айтты.

«Ооруканага ишемби, жекшемби күндөрү адамдар көп келет. Ошол учурда башка бөлмөлөрдү даярдап жатканда алар коридорго убактылуу жаткырылып турган. Алар ошол эле күнү бөлмөлөргө киргизилип, учурда тиешелүү шартта дарыланып жатышат», - деди ал.

Оорукана райондогу 130 миңден ашуун адамды тейлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×