Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.01.2020 12:32

Аксыдагы тургундар 8 карышкырды кууп, бирин атып өлтүрүштү. Сүрөт

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылынын тургундары 8 карышкырды кууп, бирөөсүн жок кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тургундардын айтымында, 10дон ашык карышкыр жылкыларга кол салууда.

«Акыркы 15 күндүн ичинде 10дон ашык жылкыны жеп кетишти. Бул жолу жалпы 8 карышкыр жүргөнүн көрүп, аларды кууп бардык. Бирок бир гана карышкырды атууга үлгүрдүк. Аны айыл тургуну Булут Чынасылов атты. Айылдагы «Он ачар» уюмундагы балдар калган карышкырларды жок кылууга камынып жатышат», - дешти алар.

Итагар айылында 250дөн ашуун түтүн эл жашайт. Айыл эли мал багуу менен күн кечирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×