Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 09.01.2020 16:57

Аксыда ооруканага кайрылган балдар көбөйүүдө

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ооруган жаш балдар көбөйүп, министрликтин буйругу менен аймактык ооруканада кошумча бөлмөлөр ачылды. Бул тууралуу Аксы аймактык ооруканасынын башчысынын орун басары Кылыч Буланбеков билдирди.

Анын айтымында, ооруканага күнүнө 20га чейин бала жаткырылууда.

«Аксы аймактык ооруканасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен кошумча бөлмөлөр ачылды. Учурда жаш балдарды кабыл алууга 35 орун даярдалды. Күн сайын 40тан ашуун бала ооруканага кайрылууда. Алардын айрымдарына жардам көрсөтүлүп, кайра үйүнө жөнөтүлөт. Мындан сырткары балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жардам берип жатат», - деди К.Буланбеков.

Буга чейин Аксы аймактык ооруканасында балалуу энелер коридордо дарыланып жатканда тартылган видео интернетке тараган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×