Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 10.01.2020 14:24

Мал уурдаган адамдын акталышы боюнча Аксы райондук соттун түшүндүрмөсү

Аксыйский район
Аксыйский район

Turmush -  Аксы районунда мал уурулукка шектелген адамдын акталышына нааразы болгон тургундардын билдирүүсүнө райондук сот жооп кайтарды.

Маалыматка караганда, шектүү делген К.Б. жабырлануучуларга келтирилген зыянды төлөп берген.

«Мал уурдаган жаран Жазык кодексинин 61-беренесинин негизинде (Жабырлануучу менен макулдашууга жетишкенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу) жоопкерчиликтен бошотулган», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Итагар айылынын тургундары: «Райондук соттун чечимине нааразыбыз. 2 бээ жана 2 кой уурдаганын мойнуна алган адамды сот актап жиберди. Айылдан жалпы 60тан ашык мал жоголгон. Мал уурдаган адамдын камалышын талап кылабыз», - дешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×