Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.03.2014 11:03

А.Атамбаев Аксы окуяларынын 12 жылдыгынап байланыштуу кайрылуу жасады

Turmush -  Бүгүн, 17-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуяларынын 12 жылдыгынап байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кайрылууда,

«Урматтуу мекендештер!

Каргашалуу Аксы окуясынан бери 12 жыл өттү. 2002-жылдын 17-мартында бийлик элдин талабына, жарандык нааразычылыгына каршы курал колдонуп, ок чыгарган. Натыйжада алты адам каза тапкан. Көп күндүк саясый ачкачылыктан дагы бир жараныбыз көз жумган.

Каргашалуу окуялар көп үй-бүлөнү кайгыга батырды, жаш балдарды жетим калтырды. Бирок Аксы окуялары, аксылыктардын эрдиги өзгөрүүлөргө жол ачып, ар бирибиздин жүрөгүбүздө атуулдук сезимди ойготту. 2002-жылдын мартындагы окуялар адилетсиздикке жана чыккынчылыкка, мыйзамсыздыкка жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы жалпы элдик күрөштүн башатына айланды.

Аксы окуяларын эстен чыгарбайлы! Чындык, эркиндик жана калыстык үчүн өз жанын аябай күрөшкөн аксылык баатырларыбызды унутуп калбайлы! Алардын – балдарыбыз, неберелерибиз эркин, адилеттүү Кыргызстанда жашайт деген үмүтүн ишке ашыралы. Ар бир жаранга татыктуу жашоо, бейпил турмуш, балдарыбызга жаркын келечек камсыздаган мамлекет курууга милдеттүүбүз», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×