Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.06.2014 12:04

А.Атамбаев: Эгерде «Кыргызгазды» орусиялык «Газпромго» сатпаганда, газ өлкөнүн түндүгүндө да болбойт эле

Turmush -  Эгерде «Кыргызгаз» ААКты орусиялык «Газпромго» сатпаганда, газ өлкөнүн түндүгүндө да болбойт эле. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Беш-Батман каналынын тилкесинин ачылышында билдирди.

Ал, кечээ Ошто аймактын активисттери менен жолугушуп, бул көйгөйдү талкуулашканын айтып, «Алар эмне үчүн «Кыргызгаз» «Газпромго» сатылганын сурашты. Эгерде андай болбогондо, анда Ошто жана Ош облусунда гана эмес, республиканын көп жерлеринде — Бишкекте, Токмокто, ТЭЦте, айнек заводунда жана башка жактарда газ жок болмок», - деди А.Атамбаев.

«Биз газ жеткирип жаткан коңшуларга алдын ала төлөөгө даярбыз», - деди өлкө башчы.

Эске салсак, Өзбекстан үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинен баштап өлкөнүн түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. Анын себебин эки өлкө ортосундагы газ жеткирүү жөнүндө келишимдин мөөнөтүнүн бүтүшү менен түшүндүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×