Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.06.2014 13:35

Чек ара маселелерин чечүү үчүн 200 млн доллар бөлүнөт, - А.Атамбаев

Turmush -  Чек ара маселелерин чечүү үчүн 200 млн доллар бөлүнөт, деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда Аксы районунда болгон иш сапары учурунда.

Анын айтымында, мурдараак 1 млрд доллар өлчөмүндөгү каражат менен кыргыз-орус фондун түзүү тууралуу келишим жетишилди. Мындан тышкары Орусия грант катары 200 млн доллар каражат бөлөт. «200 млн доллар чек ара керектөөлөрү үчүн жумшалат. Зымдарды тартып, тозотторду куруу жана башка иштерди кылуу керек. Калган 1 млдр доллар — бул эл үчүн насыя. Күнөскана, мал сатып алуу жана башкалар үчүн насыяга бөлүнөт», - деп кошумчалады А.Атамбаев.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×