Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.06.2014 14:24

А.Атамбаев жоголуп жаткан мамлекеттердин тагдырын кайталабоо үчүн Кыргызстандын биримдиги менен бүтүндүгүн ойлоого чакырды

Turmush -  КР президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда Аксы районундагы Иринжит каналынын ачылышына катышып жатып, жоголгон мамлекеттердин тагдырын кайталабоо үчүн мекендештерин Кыргызстандын биримдиги менен бүтүндүгүн ойлоого чакырды.

Дүйнөдө жылына 1-2 мамлекет жоголуп жаткандыгын белгилеп, экиге бөлүнүп калган Суданды мисал келтирди.

«Сирияда эмне болуп жатканын билесиздерби. Ливия менен Ирак бөлүнүү чегинде турат. Эгерде, биз дагы ушинтип отура берсек, анда бүтүн мамлекет катары жоголуп кетишибиз мүмкүн. Ошондуктан, биз Кыргызстандын келечеги жөнүндө, мамлекеттин биримдиги менен бүтүндүгү жөнүндө ойлошубуз керек», - деди өлкө башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×