Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 26.06.2014 16:43

Аксы районунда 4 жеке ишкер июнь айынын башына карата салык төлөгөн эмес

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 4 жеке ишкер июнь айынын башына карата 4,3 млн сом салык төлөгөн эмес. Бул тууралуу Мамлекетти салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Т.Абдылдаевге таандык «Тамерлан-голд» ЖЧКсы 2,9 млн сом төлөшү керек. Ал эми «Кербенайылкурулуш» ЖЧКсынын ээси Э.Озокеевдин карызы 640,1 миң сомду түзөт.

Ошондой эле, «Нарын-суу» ишканасынын 368,6 миң сом карызы болсо, К.Изаковго таандык «Кербенпотребкооператив» 403 миң сом карыз, деп кошумчаланат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×