Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.07.2014 13:34

Премьер-министр Ж.Оторбаев Аксы районунун акими М.Айдаралиевге катуу сөгүш берди

Turmush -  Жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Айдаралиев Медетбек Курбанбаевичке катуу сөгүш берилди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Негиз: КР өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдамасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×