Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 19.09.2014 15:21

Аксы району боюнча жылына 300-400 миң тонна кайналы өстүрүлөт жана аны кургатуучу 20дан ашык цех курулган

Turmush -  Аксы районунда учурда 18 миң жеке фермер болсо, алардын көпчүлүгү 50 түптөн 1000 түпкө чейин кайналы өстүрөт. Бул тууралуу райондун акими Медетбек Айдаралиев аймактык кабарчыга маалымдады.

Акимдин айтымында, район боюнча болжолдуу кайналы 300-400 миң тонна өстүрүлөт жана 20дан ашык кайналы кургатылчу цехтер курулган.

«Буга чейин кайналы кайра иштетилбей арзан баада сатылып жаткан. Эки жылдан бери кайналы мөмө-жемишин экспортоону ишке ашыруу аракетин көрүп келебиз. Убак-убагы менен дыйкандарга кайналыны кандай өстүрүп, кандай кылып кургатып, кандай кылып жыйнап алуу боюнча кеңештер берилип келет», - дейт М.Айдаралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×