Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 01.10.2014 17:27

Аксы райондук сотунун төрагасы Э.Токтосунов экөөбүздү араздаштыргысы келген күчтөр бар окшойт, - облсот К.Жапакбаев

Turmush -  Жалал-Абад областык сотунун төргасы менен областтык прокурурордун жардамчысы Аксы райондук соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Эрланбек Токтосуновдун пикирин четке кагууда.

Белгилей кетсек, Аксы райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Эрланбек Токтосунов облустук сот төрагасы менен прокуратура кызматкерин пара талап кылды, коркутуп-үркүтүп жатат деп айыптаса, облустук прокуратура райсотко мурда соттолгон жана жалган маалымат таратып жатат деген маалымат тараган.

Бирок бул пикирге Жалал-Абад облустук соттун төрагасы макул эмес экендигин билдирди.

«Андай болушу мүмкүн эмес. Мен Аксы райондук сотунун төрагасынын млидетин аткаруучу Эрлан Токтосунов мамилем жакшы, аны мен жоопкерчиликтүү, өз ишин жакшы аткарган киши катары билчүмүн. Чамасы бизди араздаштыргысы келген күчтөр бар окшойт», - деди К.Жапакбаев.

Белгилей кетсек, Э.Токтосунов 2012-жылдан бери Аксы райондук сотунун төрагасынын милдетин аткарып келет. Ага чейин ушул эле сотто судья болуп иштеген. Ал өткөн жумада бир катар маалымат каражаттарына кайрылып, облустук соттун төрагасы Кадыралы Жапакбаев менен облус прокурорунун улук жардамчысы Абдыманап Темиркулов үч миң доллар талап кылып, коркутуп-үркүтүп жатат деп билдирген.

Бул боюнча Жалал-Абад областынын прокурору бул иш териштирилип, бирок аныкталбаганын, А.Темиркуловдун тиешеси жок экендигин билдирди.

К.Токтогуловдун айтымында, Э.Токтосунов Казакстандын Капшагай шаардык соту 2004-жылы юридикалык фирмалардын биринде иштеп турган кезде жасалма документ даярдаган деген кине менен 2007-жылы үч жылга соттогон. Ага карабастан Токтосунов 2008-жылы Аксы райондук сотунун судьялыгына дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×