Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 02.10.2014 08:08

Аксы районунда 9 айда 3 бала бакча ачылды

Turmush -  Аксы району боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата 13 бала бакча иштеп келген. Ал эми 9 айыдын ичинде Кашка-Суу айыл өкмөтүндө 2, Авлетим айыл өкмөтүндө 1 бала бакча ачылып, анда 180 жаш бөбөктөр тарбияланып жатат, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Райондук акимчиликтен алынган маалыматка караганда, Жерге-Тал айыл өкмөтүндө 15-октябрга карата 1 бала бакча, Кербен шаардык мэриясында 15-ноябрга чейин 1 бала бакча ачуу пландаштырылган.

Быйылкы жыл ичинде жаңы ачылган бала бакчалардын саны бешке өсүшү күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×