Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 21.10.2014 11:28

Өзүнүн соттолгондугу жөнүндө маалыматты жашыргандыгы үчүн Э.Токтосунов Аксы райондук сотунун судъялыгынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Токтосунов Эрланбек Сапарбекович КРнын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-октябрда кол койду, деп билдирди президенттик Аппараттын басма сөз кызматы.

Э.Токтосунов, өзүнүн соттолгондугу жөнүндө маалыматты жашыргандыгынан улам ушул кызмат ордун ээлөөсү мүмкүн болбогондуктан аны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө КРнын Судьяларынын кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле КР Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык бошотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×