Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.11.2014 13:00

Аксы районунун Кербен шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Кербен шаарынан Алмаз Сатаров билдирди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, иш-чара Аксы райондук Абыдкерим Алымов атындагы маданият үйүндө уюштурулуп, райондун айылдык маданият бөлүмдөрүнүн катышуусунда ачык эшикте өткөрүлдү.

Маданият кызматкерлеринин майрамына карата концерттик программалар уюштурулуп, «Маданият кызматкерлеринин майрамы, мамлекетибиздин майрамы» аттуу конкурс уюштурулду.

Майрамды куттуктоо үчүн райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин орун басары З.Калматова куттуктто сөзүн сүйлөп, өз ишиндеги мыкты жетишкен кызматкерлеге Ардак громаталар тапшырылды.

536df0c6c90e121bbc027874d80e2898_500_0_03085cfcbb18d0914770146c0d9809299_500_0_0a4af43e2f9c4ab972eac28908f9c3344_500_0_0
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×