Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.12.2014 17:59

Аксы районунун Авлетим айылында 60 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айыл өкмөтүндө 60 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмырза Абдыраманов маалымдады.

Анын айтымында, эски клубду оңдоп-түзөп балдар бакчасы кылып беришкен.

«Авлетим айылынын борборундагы эскилиги жеткен клубду оңдоп бала бакча кылып бердик. Жергиликтүү өкмөт тарабынан 1 млн 600 миң сом, ал эми облустук бийликтен 50 миң сом, райондук жетекчиликтен 20 миң сом берилди. Бала бакча 60 орундуу болуп салынган. Азыркы учурда эки бөлүк менен иштеп жатат», - дейт Н.Абдыраманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×