Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 16.12.2014 14:19

Аксы районунда 12-декабрдагы кошмо жыйындын сессиясына көпчүлүк депутаттар келишкен жок

Turmush -  Аксы районунда 12-декабрдагы кошмо жыйындын сессиясына көпчүлүк депутаттар келишкен жок. Бул тууралуу Аксы районунун жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын төрагасынын орун басары Жанарбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, 12-декабрда өтүүчү сессияга кошмо жыйындын төрагасы кошмо жыйындын курамы менен акылдашпай туруп, сессияда каралуучу маселелердин күн тартиби бекитилген. Ал эми күн тартибинде каралуучу маселелер негизинен Кербен шаарынын депутаттары карай турган маселенин көтөрүлүп чыккандыктан жана Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин 2013-жылдын отчету коюлгандыктан көпчүлүк депутаттар сессияга келүүдөн баш тартышкан.

«2014-жыл жыйынтыкталып жатканда, 2013-жылдын отчетунун кереги жок эле. Ошондуктан жер-жерлердеги депуттатарды келбей эле койгула дегенбиз. 2013-жылдагы отчетун үстүбүздөгү жылдын январь айында берген. Аким депутаттарга кайрылганда, алар баасын бербей чыгып кетишкен. Эл арасында акимге болгон нааразычылыктар бар. Эми, 2015-жылдын февраль айында быйылкы жылдын отчетун берет. Ошондо гана аким депутаттардан өз баасын алат», - дейт Жанарбек Надырбеков.

Ал белгилегендей, Аксы районунда жалпысынан 252 жергиликтүү кеңештин депутаттары болсо, анын 96сы гана келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×