Turmush — Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында Эл аралык кыздар күнүнө карата окууда ийгилик жараткан кыздарга сыйлык тапшырылды.
Айыл өкмөт башчысы Маматысак Жапаровдун айтымында, саамалык өсүп келе жаткан муунга татыктуу тарбия берүү максатында уюштурулду.
«Эл аралык кыздар күнүн утурлай айыл аймактагы мектептерде билим алган алдыңкы кыздарды чакырдык. Алар менен келечектеги кесиптери, окуу тууралуу ой бөлүшүп, сыйлык тапшырдык», - деди ал.
Эл аралык кыздар күнү 2012-жылдан бери белгиленип келет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.