Turmush — Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында аз камсыз болгон 200дөй үй-бүлөнүн балдарына белек берилди.
Айыл өкмөт башчысынын орун басары Ырысбек Бабаназаровдун айтымында, мындай саамалык алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да чакырылды.
«Жаш балдарды бир аянтчага чогултуп, аларга майрамдык маанай тартуулап, дастаркон жазып, ыр-бийлерди уюштуруп, демөөрчүлөр тарабынан белектер берилди», - деди Бабаназаров.
Үч-Коргон айыл аймагында 24 миңге чукул адам жашайт. Айыл аймакта аз камсыз болгон 600дөн ашык үй-бүлө бар.