Turmush — Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында 3 кабаттуу боз үй тибиндеги музей курулат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Маматысак Жапаров билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштерине каражат демөөрчүлөрдүн жана айыл элинин салымы менен чогултулат.
«Айыл аймактагы эс алуу багынын ичине 1970-1980-жылдары курулган үстү ачык кинотеатрдын имараты эскирип, авариялык абалга келип калган болчу. Мындан улам быйыл аны буздуруу үчүн айылдагы ишкерлерге кайрылганбыз. Алар макул болуп, кулап калуу коркунучунда турган эски жайды бузуп, жерин даярдап берди. Айыл активдери, ак сакалдар бош турган жерге музей куруу демилгесин көтөрүштү. Себеби биздин айылда Үч-Коргон айыл аймагы түзүлгөндөн бери музей жок. Мындан улам тарыхый аймак таануу музейин уюштуралы деп чечтик.
Биздин план боюнча, имарат Ош шаарындагы 3 кабаттуу боз үйдөй болуп курулат. Ал боюнча архитектурага кат жүзүндө кайрылдык, азыркы тапта чиймелери даярдалып жатат. Курулушка мамлекеттик казынадан каражат сарпталбайт, алдыңкы күндөрү чийүү жумуштары аяктаса, демөөрчүлөр каражат жагынан кол кабыш кылабыз деп жатат. Мындан сырткары айыл элине марафон уюштурабыз. Аймак таануу музейи жыл соңуна чейин курулуп, пайдаланууга берилиши мүмкүн», - деди Жапаров.
Үч-Коргон айыл аймагында 22 миң 979 адам жашайт. Айыл аймакта 3 бала бакча, 7 мектеп, 1 айылдык оорукана, 2 ФАП, 1 өрт өчүрүү бөлүмү, 1 почта, 1 милиция бөлүмчөсү, 1 маданият үйү бар.