Turmush — Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында 15 жыл мурда курулушу башталган спорт зал пайдаланууга берилүү алдында турат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысынын орун басары Ырысбек Бабаназаров билдирди.
Анын айтымында, курулуш үчун республикалык бюджеттен 17 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.
«Имараттын каркасы 2009-жылы демөөрчүлөр тарабынан алынып берилген. Бирок ошол боюнча каражат жетишсиздигинен калып калган. 2021-жылы сөз болуп жаткан имаратты куруу үчүн айыл жаштары тарабынан демилгеленип, республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренсинен каржылоо тууралуу сунуш киргизилген. 2023-жылы Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу респуликалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржылоо болуп, тендерден «Данка Строй» курулуш компаниясы 17 млн сомго уткан.
Учурда курулуш толугу менен аяктап, колдонууга берилүү алдында турат. Буга чейин айыл жаштары айылдагы башка имараттарда машыгып келишчү», - деди Бабаназаров.
Үч-Коргон айыл аймагында 28 миңден ашык калк жашайт.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Данка Строй» жоокерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Мураталиев Нурбек Якуббекович. Компания 2023-жылы 10-мартта кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.