Turmush — Толтоев Эрнис Мукашбекович президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, Эрнис Толтоев жамаатка бүгүн, 10-августта тааныштырылат.
Ал 1986-жылы 15-декабрда Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.
--------------------------
Эрнис Толтоев 2012-жылдын апрель айынан баштап 2016-жылга чейин Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болуп иштеген.
2016-жылы апрель айында Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.
Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы премьер-министр болгондо Эрнис Толтоев анын жардамчысы болуп дайындалган.
2017-жылы 27-ноябрда Толтоев президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болуп дайындалган.
2020-жылы октбярь окуяларынан кийин Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, Толтоев да кызматынан кеткен.
2020-жылы декабрь айында Толтоев Сооронбай Жээнбековдун коомдук фондун жетектегени маалым болгон.