Turmush — Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон.
Данияр Жаныкулов буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп жаткан.
Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буга чейинки биринчи орун басары Алайчиев Бактыбек Болбурович болчу. Ал өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.
Данияр Жаныкуловдун ордуна Толтоев Эрнис Мукашбекович дайындалды.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 3 орун басары:
- Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич (биринчи орун басар);
- Толтоев Эрнис Мукашбекович;
- Манапов Уристем Ибраимович.