Turmush — Кечээ, 17-март күнү Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы унаа кырсыктын чоо-жайын белгилүү болду.
Чүй ОИИБдин жол сакчыларынын маалыматына караганда, кечээ, саат 09:52 чамаларында Бишкек—Нарын—Торугарт айлампа жолунун Красная Речка айылынын тушунда 2 фуранын кагышканы белгилүү болгон. Ыкчам тергөө тобу ал жерге барып, 1975 жылы туулган Б.З.М. «HOWO» үлгүсүндөгү унаасы менен чыгышты көздөй бара жатып түндүктү көздөй бурулуп жаткан маалда 1972-жылы туулган С.Н.Т. «SHACMAN» үлгүсүндөгү унаасы менен сол капталынан сүзүп алган.
Натыйжада жол кырсыгынан «SHACMAN» унаанын айдоочусу Ысык-Ата районун Ивановка айылынын аймактык ооруканасына амблотордук түрдө кайрылган.